Азербайжандын президенти Илхам Алиев Тоолуу Карабак эч качан көзкарандысыз мамлекет болбой турганын билдирди. Бул тууралуу Илхам Алиев Лондондогу сапары учурунда тышкы саясат боюнча адистер менен жолугушуу маалында айтты. 17-июлда Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын лидери Серж Саркисян Тоолуу Карабак маселесин талкуулоо үчүн жолугушмакчы.