Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:19

Кызыл-Кыя цемент заводунун жетекчилери “Манас” жана “Даңк” ордендери менен сыйланышты


Заводдун жетекчиси Ян Фишер III даражадагы “Манас” ордени менен, ал эми кытайлык “САМС” компаниясынын жетекчиси Люо Янь “Даңк” ордени менен сыйланды. Аларга сыйлыктарды КР мамлекет башчысы К. Бакиев тапшырды. Булардан тышкары бир катар курулушчуларга “КР эмгек сиңирген куруучу” деген наамдар, “Ардак грамоталар” жана акчалай сыйлыктар берилди.
Өткөн жылы Кызыл-Кыя цемент заводуна жумушка пара менен гана орношууга болот, деген маалымат жазылганы үчүн заводдун жетекчиси Ян Фишер “Укук бардыгы үчүн” деп аталган маалыматтык бюллетенди сотко берген. Бюллетендин редактору А. Мамараимов маалыматта айтылгандар чындык экенин далилдеп берүүгө даяр экендигин билдирген.

XS
SM
MD
LG