Аталган кыймылдын жетекчиси Өндүрүш Токтоназаров “Азаттыкка” азаттык” деген талабы менен Акыйкатчы институтунун алдына барып, бир сааттай турган. Турсунбек Акун уулу өзү жоктугуна байланыштуу талап жазылган катты Акыйкатчынын аппарат башчысы алып калган. “Ошондой эле маданият жана маалымат министри Султан Раев менен да жолуга алган жокмун, министрликтин кызматкерлери менин катымды алып калышты,” деген Өндүрүш Токтоназаров учурда ЖК менен Өкмөт үйүнө бара жаткандыгын билдирди.
“Азаттыкты” коргоо” кыймылынын жетекчиси “Азаттык” медиасынын берүүлөрүн Улуттук телеканал аркылуу кыргызстандыктарга жеткирүү талабы менен бүгүн акцияга чыккан. Өткөн жылы күз айларынан тартып, УТРК теле жана радиообосунан “Азаттык” медиасынын программаларын берүүнү токтоткон. Мамлекеттик күч органдары буга “Азаттыктын” берүүлөрүнүн мазмуну себеп деп билдирген. “Азаттык” үналгысы маалыматтарды чагылдырууда калыс туруп, бейтараптуулук принциптерин кармап, тең салмактуулукту сактап келет.(ZKo)