Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:03

Фергана өрөөнүндө абал кооптуу


Бул өз кезегинде Кыргызстанга өтө чоң терс таасирин тийгизүүсү ыктымал, деп билдирди Коопсуздук кызматынын мурдагы катчысы Мирослав Ниязов бүгүн тегерек үстөл талкуу учурунда. Анын пикири боюнча Кыргызстан башка коңшуларына караганда бир топ алсыз, ошондуктан, ар кандай диний экстремист-террористтер үчүн ыңгайлуу башпаанек аймак болуп эсептелет. Тегерек үстөлдүн катышуучулары акыркы убактарда кыргыз бийлиги мамлекеттин, элдин коопсуздугунан бир кишинин коопсуздугун өйдө коюп, президентти, анын айланасындагыларды коргоо үчүн мамлекеттик бюджеттен эбегейсиз чоң суммадагы каражат коротуп жаткандыгын белгилешти. Мындан тышкары тегерек үстөлдө Кыргызстандын күч органдарын түп орду менен реформалоо зарылчылыгы айтылып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ордуна тышкы чалгын кызматын жана шпиончулукка каршы күрөшүүчү уюм түзүү боюнча сунуштар келтирилди.
Социал-демократиялык партия бүгүн Борбор Азиядагы коопсуздук маселеси боюнча тегерек үстөл өткөрдү, ага бир катар саясатчылар, саясат талдоочулар катышты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG