Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:43

Президенттикке талапкерлер Таласта шайлоочулар менен жолугушту


Жолугушууга 6 талапкерден эки гана талапкер: Токтайым Үмөталиева жана Нурлан Мотуев катышты. Алмаз Атамбаевден башка талапкерлердин болсо ишенимдүү өкүлдөрү катышты. Жолугушууда шайлоочулар тарабынан Нурлан Мотуевге башка талапкерлерди обу жок сындоосун токтотуу керек деген сунуштар айтылды. Ага Мотуев демократиялык принциптин негизинде айтып жатам деген жооп узатты. Ал эми Токтайым Үмөталиева Талас шаарындагы Атай Огонбаев атындагы музыкалдык мектептин жыйындар залында болгон жолугушууга аз санда шайлоочулар чакырылганын айтып, жергиликтүү бийликти сынга алды. Калган талапкерлердин ишенимдүү өкүлдөрү экономика, экология, айыл чарба жана башка маселелер боюнча сөз кылышты.(UA)

XS
SM
MD
LG