Президент Курманбек Бакиев Кызыл-Кыяга келээр алдында ушундай иштер болгонун президенттике талапкер Алмазбек Атамбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Анвар Билалов бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Кызыл-Кыядагы цемент заводунун ачылыш аземине жана аймактын шайлоочулары менен жолугушуу үчүн президенттикке талапкер Курманбек Бакиев бул шаарга келээр астында БЭКтин бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевдин шаар ичиндеги 48 даана үгүт-жарнактары түн ичинде алынып салынган. Курманбек Бакиевге жаман көрүнүп калбоо үчүн жергиликтүү бийлик ушундай мыйзам бузуучулукка барды, деп кошумчалайт Анвар Билалов. Ошол эле учурда облустук акимчиликтен талапкердин үгүт барактарын алып салуу боюнча бийлик тарабынан эч кандай көрсөтмө болбогонун билдиришти. (JsA)