Бүгүн «Азаттыкка» Нарын районундагы Жерге-Тал, Кара-Чий, Эмгек-Талаа айылдарынан келген айрым шайлоочулар кайрылышты. Алар “айыл округ башчылары, мектеп деректирлер, аппарат кызматкерлерди, мугалим, дарыгерлерди Бакиев үчүн 10-15 тен адам таап салдырасыңар деп кысымга ала башташты. А түгүл Атамбаев менен көчүп кетесиңерби дегенге чейин барышууда”,- деп билдиришти. Нарын районунун акими Ишенбек Медетов жергиликтүү бийлик тарабынан андай аракеттер жоктугун айтат. Нарын районундагы Эмгек-Талаа айыл округ башчысы Темиркул Сулайманов эл арасы тынч турганын, ызы-чуу жоктугун, айылдыктар талаачылыкта иштеп, мал кайтарып тоолордо жүргөндүктөрүн телефон аркылуу маалымдады. (KUs).