Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

А. Ташиевдин өлүмүн тергөөнү Башкы прокуратура көзөмөлүнө алды


Башкы прокуратуранын бүгүнкү маалымдоосуна караганда, журналист Алмаз Ташиевди Ноокат райондук милициясынын кызматкери, кенже лейтенант Ш.Нурматов 4-июлда Жаңы-Базар айылындагы милициянын бөлүмүндө өзүнүн кызматтык ыйгарым-укугунан ашып сабаган. Анын натыйжасында А.Ташиев 12-июлда Ош облустук ооруканасында операциядан кийин көз жумган. Бул окуя боюнча Ноокат райондук прокуратурасы Кылмыш Кодексинин 305-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 3-пункту “кызмат абалынан аша чаап пайдалануу” боюнча 10-июлда кылмыш ишин козгоп, 14-июлда Ш.Нурматов кармалды. Тергөө ишин Башкы прокуратура көзөмөлгө алды.(AiT)

XS
SM
MD
LG