Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Кыргызстанда 2 миллион 718 миң 818 шайлоочу бар экени аныкталды


Бул маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Дамир Лисовский БШКнын бүгүнкү жыйынында ачыктады. Лисовскийдин айтымында, президенттик шайлоого даярдык Календардык планга ылайык жүрүп жатат. 2330 участкалык шайлоо комиссиялары түзүлүп, анын курамына 23 партиядан өкүлдөр кирди. 23 өлкөдө 49 участкалык шайлоо комиссиясы ачылды. Азыркы мезгилге карай 2.718.818 шайлоочу аныкталып, участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан алардын тизмесин тактоо иштери уланып жатат. 400 ашуун эл аралык байкоочу катталды. (AiT)

XS
SM
MD
LG