Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:26

Конституциялык сот Бакыт Бешимовдун арызын карайт


Жогорку Кеңештеги Социал-демократиялык фракциянын лидери Бакыт Бешимов арызын Конституциялык сот 16-июлда карайт. Бул тууралуу КСДПнын маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. Бакыт Бешимов Конституциялык сотко жолдогон арызында Конституциянын 45чи беренесинин 3чү пунктуна ылайык кызматта турган президент саясий партиялардагы мүчөлүгүн токтотуш керекпи деген маселени аныктап берүүнү өтүнгөн. Конституциянын аталган беренесинде болсо “Президент өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде Президенттике жаңы шайлоо башталганга чейин саясий партиялардагы жана уюмдардагы өз ишин токтото турат” деп жазылган.(AiT)

XS
SM
MD
LG