Саламаттыкты сактоо министри Марат Мамбетовдун айтымында, алгачкы жылдары программанын ай сайын жаш дарыгерлерге 3 миң сомдон төлөп берүү шарты аларды кызыктырган эмес. Бирок стажы жогору дарыгерлер программага катышууга каалоолору бар экендигин билдиришкен. Ошондуктан программа кийинчерээк региондордо иштейм деген бардык дарыгерлерди камтыган. Учурда 139 дарыгер программага катышып, алардын 44 Баткен областынын эң алыскы аймактарында иштеп жатышат. Министрдин билдиришинче, 2009-жылдын 14-июлуна карата программа боюнча төлөнгөн каражаттар 3 миллион 132 миң сомду түзгөн.Учурда дагы 75 кызматкер дарыгерлер депозитине катышууну көздөп жатат. (AzK)