Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

Өзгөндө А. Атамбаевдин үгүт жарнактары алынып салынууда


Бириккен элдик кыймылдын Оштогу кеңсесинен билдиришкендей, Өзгөн шаарында «Бакиев» деген жазуусу бар кийимчен спортсмендер президентикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин сүрөттөрүн жана плакаттарын жыйнап кетишкен. Ал эми райондун Мырзаке кыштагындагы Атамбаевдин үгүт жарнагын айыл башчысы жулуп, ортосунан жыртып таштаган. Мындан тышкары социал-демократиялык партияны колдогондорду коркутуп-үркүтүү ачык мүнөзгө өттү. Мунун бардыгын Бириккен элдик кыймылдын өкүлдөрү бийликтин буюртмасы деп баалап жатышат.

Ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү журналисттерге берген интервьюсунда бул маалыматтарды жокко чыгарышты. (AzK)

XS
SM
MD
LG