Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:35

Акбаралы Айтикеев БШК башчысын 74 млн.сомго жыккысы келет


"Коргоо" партиясынын лидери, президенттикке талапкердиктен четтетилген Акбаралы Айтикеев 1-май райондук сотунан кызматын аша чаап пайдаланды деп, БШК төрагасы Дамир Лисовскийден 74 миллион сом өндүрүп берүүнү өз тарапкерлеринин атынан сурап жатат. Биринчи жолку арызында ал БШКнын чечимин негизсиз деп табууну сурап Жогорку Сотко чейин кайрылып, бирок, сот баскычтарынан колдоо тапкан эмес. БШК Айтикеев чогулткан кол тамгалардын 27, 5 пайызын жараксыз деп таап, 2,5 миң кол тамга жетпей калды деп, талапкер кылып каттоодон баш тарткан. А.Айтикеев муну атайын жасалды, аны колдогон 74 миң жарандын укугун бузду деп БШКны айыптап жатат. Бул тууралуу президенттик жарыштан четтетилген жаран өзү билдирди. (BuS)

XS
SM
MD
LG