Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

БШК өз жыйынында эл аралык байкоочуларды каттады


Борбордук шайлоо комиссиясы 15-июлдагы жыйынында дагы 37 эл аралык байкоочуну каттоого алды. Катталгандар арасында ЕККУдан 18 байкоочу болду. Ушул эле жыйында президенттике талапкерлер өздөрүнүн шайлоо фондунан жумшаган акча каражат жөнүндө да маалымат берилди. Ал маалыматка караганда, 12-июлга карай Курманбек Бакиевдин шайлоо фондуна 38 миллион 327 миң 700 сом акча түшүп, анын7.5 миллиону сарпталган. Алмазбек Атамбаевдин фондуна 8 миллион 239 миң 200 сом которулуп, анын 365 миң 107 сому коротулган. Темир Сариев 621 миң сому фондунан 33 миң сомдон ашуун, Жеңишбек Назаралиев 1 миллион 91 мин сомунан 17 миң сом, Нурлан Мотуев 393 миң 100 сомунан 2миң сомдон ашуун, Токтайым Үмөталиева 675 миң сомдон 133 мин сомго жакын каражатын үгүт иштерин жүргүзүүгө жумшаган. (AiT)

XS
SM
MD
LG