Линктер

шаршемби, 24-май, 2017 Бишкек убактысы 06:28

Президенттике талапкерлердин күн тартиби


“Ак жол” партиясынын талапкери Курманбек Бакиев бүгүн Арча-Бешик жаңы конушунда Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардын өкүлдөрү менен жолугушууда. Арча-Бешикте президент-талапкер жаңы мектептин ачылыш аземине да катышты. Курманбек Бакиев 17-июлда Талас облусунун шайлоочулары менен жолугушат.

“Ак шумкар” партиясынын талапкери Темир Сариев бүгүн Жумгал районундагы Куйручук айылында шайлоочулар менен жолугушуп, андан ары Ак-Талаа районунда жолугушууга баратат. 17-июлда Темир Сариев Чүй облусунун шайлоочулары менен жолугушуусун кайра улантат.

Бириккен Элдик Кыймылдын президенттике бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев 15-июлда Таласта баштаган жолугушуулар бүгүн улантат.
Ал эми калган талапкерлер Жеңишбек Назаралиев, Нурлан Мотуев жана Токтайым Үмөталиева да региондордо, Бишкекте шайлоочулар менен жолугушканы тууралуу кабарланууда.(AiT)

XS
SM
MD
LG