Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

Бүгүн Пакистан жана Индия премьер-министрлери жолугат


Манмохан Сингх менен Юсуф Реза Гилани Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарында, Бейтарап өлкөлөр кыймылына кирген өлкөлөрдүн саммити учурунда кездешүүдө. Бул эки коңшу мамлекеттин өкмөт башчыларынын былтыр күздө Индиянын Мумбай шаарына жасалган террордук чабуулдан берки алгачкы жолугушуусу болот. Анда Индия Мумбайга кол салгандар Пакистанда даярдыктан өткөн деп билдирген.

Мунун алдында кечээ саммитте сүйлөгөн сөзүндө Индия премьер-министри Манмохан Сингх Дели Исламабад менен эгер ал “Лашкар –э –Тайба” өңдүү Индияга кол салып келе жаткан террордук уюмдарга каршы натыйжалуу чара көрсө, алаканы оңдоого дилгир экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG