Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:42

“Дордойдо” куралдуу кол салууда милиция кызматкери окко учту


Ички иштер министрлигинин маалымдоосуна караганда, 15-июлда эрте мененки саат сегиздер чамасында “Алканов и Ко” базарындагы №4 кампага куралдуу үч адам кол салып, акча алып кетүүгө аракет жасаган. Куралдуу күзөт кызматын байкап калган каракчылар аларга каршы ок атып, натыйжада улук сержант Ж.Яхияга ок жаңылып, ал каза тапты. Андан сырткары соодагерлер И.Хиваси жана Р.Хиваси октон жарадар болуп, ооруканага жеткирилди. Каракчылар “Форд” маркасындагы автоунаада качышкан. Көп узабай машинаны өрттөп жиберишкен. Милиция кылмыш ишин козгоп, каракчылардын кимдигин аынктоо жана аларды издөө ишин жүргүзүүдө.(AiT)

XS
SM
MD
LG