Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

БШК шайлоо алдындагы жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрдү


Анда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Дамир Лисовский президенттик шайлоого даярдыктар жөнүндө маалымат берди. Маалыматка караганда, бүгүнкү күнгө карай 40 өлкөдөн 436 эл аралык байкоочу катталды жана эл аралык байкоочуларды каттоо 17-июлда соңуна чыгат. БШК 2 миллион 872 миң 181 даана шайлоо бюллетендерин даярдап, региондорго жеткирди. 2330 шайлоо участкасы, анын ичинде 23 өлкөдө 49 добуш берүү участкасы ачылды. Үгүт өнөктүгү учурунда БШКга 65 арыз түшүп, анын бешөөсү прокуратурага жөнөтүлгөн.
Дамир Лисовскийдин айтымында, 23-июлда БШКнын маалымат борбору иштеп, шайлоонун жүрүшү боюнча 10:00; 13:00; 16:00; 19:00; 22:00 маалымат берип турат. (AiT)


XS
SM
MD
LG