Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:54

Жалал-Абатта А. Атамбаевдин портретин тытмак болушту


Бүгүн түнкү саат үчтө белгисиз алты жигит президенттикке талапкердин чоң сүрөтүн айрып, түшүргөнгө аракет кылган. Талапкердин портрети шаардын Токтогул көчөсүндөгү шайлоо штабынын экинчи кабатына илинген. «Арис» кафесинин ээси алардын аракетин токтотуп калган. Ашкананын лампочкасы сынган. А.Атамбаевдин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Касымбеков мындай мыйзамсыз аракеттерди токтотууну жана ага бөгөт коюуну өтүнүп, бүгүн Жалал-Абат шаардык ички иштер бөлүмү менен шаардык шайлоо комиссиясына билдирүү тапшырды. Ал өз катында Алмазбек Атамбаевдин үгүт барактары Жалал-Абаттын Б. Осмонов, Ленин, Пушкин, Красина, Манас атындагы көчөлөр менен Спутник кичи шаарчасында сыйрылып, жок кылынганын билдирди. «Ак жол» партиясынын облустагы бөлүмү аталган окуяларга тиешеси жок экендигин маалымдады. (YA)

XS
SM
MD
LG