Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:16

Ысык-Көлдө корей ишкердин жан сакчылары ок аткан балдар ооруканада жатат


Башынан жана бутунан ок жеп төрт күндөн бери жакшы боло элек Бекболот Асанов менен Кубат Сасыбаев Ананьево ооруканасында жатат. Ысык-Көл районундагы Жаркынбаева айылында 13-июль күнү балдар кууш жолдо чөп тартып келатканда Борис Сан аттуу ишкердин кайтаруучулары жол бербейсиң деген таризде ок чыгарган. Окуя боюнча жергиликтүү тергөө органдары маалымат бербей атат. Жабыркагандардын туугандарынын айтуусунда облус губернатору шайлоо алдында мындай чуулгандуу ишти жашырып, кылмышты жаап салуу аракетинде. Облус бийлиги дооматты жокко чыгарып, ишти укук коргоо органдары тескеп атканын белгиледи. (RB)

XS
SM
MD
LG