Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Иранда кулаган учактагы «кара жашиктердин» экөөсү табылды


Андагы маалымат учактын кулашына эмне себеп болгонун көргөзөт го дешет. Шаршембиде Тегерандан эми эле асманга көтөрүлгөн учак кайра жерге кулап түшкөн. Андагы 168 адамдын баары мерт болду. Арменияда болсо бүгүн аза күтүү күнүн жарыялашты. Учак Ереванга бармак эле. «Каспий аба жолдору» деп аталган компанияга таандык Ту-154 учагынын жашиктери эми аны курган орусиялыктарга жөнөтүлүшү мүмкүн экени айтылды.

XS
SM
MD
LG