23-июлда президенттик шайлоого Кыргызстанда 2 млн. 718 миң 818 жаран добуш берүү укугуна ээ. Алардын добуш бериши үчүн 2330 шайлоо участогу иштейт. Бул тууралуу кечээ уюштурулган маалымат жыйынында БШК төрагасы Дамир Лисовский маалымдады. Төраганын айтымында ошондой эле чет өлкөлөрдө кыргызстандык 140 миң шайлоочу жашайт. Алар үчүн 49 шайлоо участогу иштейт. Участоктордун 21и Орусияда түзүлгөн. (BuS)