Бүгүн Москвада Азербайжан менен Армениянын президенттеринин сүйлөшүүсү өтөт. Илхам Алиев менен Серж Саркисян Тоолуу Карабак жаңжалын жөнгө салуу тууралуу сүйлөшөт. Эртең (18-июлда) сүйлөшүүлөргө Орусиянын президенти Дмитрий Медведев кошулат. Июлдун башында Азербайжан жана Армениянын интеллигенция өкүлдөрү менен жолугушуу маалында Илхам Алиев Тоолуу Карабак эч качан көз карандысыз болбойт деп билдирген болчу.