Бул тууралуу президент Курманбек Бакиев 15-июлда “Нью-Йорк таймс” басылмасынын кабарчысына берген маегинде билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн түштүк аймагында Эл аралык террорчулук менен күрөшүү боюнча Орусия жана Кыргызстандын биргелешкен аскерий машыгуу борбору түзүлүшү мүмкүн. Бул маселе боюнча Кыргызстан менен Орусиянын коргоо министрликтери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын белгиледи. Буга чейин айрым басылмалар Түштүктө Орусиянын дагы бир аскер базасы жайгаштырылышы күтүлүүдө деген божомолдорду жазып чыгышкан. (AJ)