Анда 23-июлда болуучу президенттик шайлоого 15-16-17-июлдагы мөөнөтүнөн мурда добуш берүү райондук шайлоо комиссияларында одоно мыйзам бузуулар менен коштолгону айтылат. Аталган бирикменин маалыматына караганда, Шайлоо Кодекси боюнча мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө укуктары бар шайлоочулардан сырткары саламаттык сактоо тармагынын, байланыш кызматтарынын, “Кыргызтелеком”, “Кыргыз темир жолу”, “Кыргызпочтасы”,”Кател” байланыш компаниясынын кызматкерлери мөөнөтүнөн мурда шайлоого добуш берүүдө. Ошондой эле байкоочуларга шайлоо комиссияларынын төрагаларынын орой мамилеси, добуш берүүгө паспорттун көчүрмөсү менен келгендердин катталганы, көпчүлүк шайлоочулар мекеме жетекчилеринин мажбурлоосу менен келишкени белгиленген.
“Менин тандоомдун мезгили” атуулдук уюмдар бирикмеси БШКдан Шайлоо Кодексинин 46-беренесинин 4-пунктуна ылайык мөөнөтүнөн мурда шайлоону жараксыз деп табууну өтүнгөн.
Бул маселе боюнча БШКнын маалымат-талдоо бөлүмүнүн башчысы Бакыт Жумагулов менен учурда БШКнын отуруму болуп жатканынан улам байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. (AJ)