Буга чейин Орусия кыргыз студенттери үчүн бир же эки гана орун берип келишсе, 2009-жылы 12 кыргыз бүтүрүүчүсү окууга мүмкүнчүлүк алышты. Маданият министринин орун басары Владимир Есиндин билдиришинче, Орусиянын жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү өздөрү Кыргызстанга келип, бүтүрүүчүлөрдү сынактан өткөрүшкөн. Учурда 8 кишиге окууга өткөндүгү тууралуу буйрук чыкты, калгандар кезегин күтүп турушат. Кыргыз студенттери Орусияда бюджеттик негизде билим алышат жана алар ал жактагы жарандардай эле укуктарга ээ болушат. (AzK)