Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:17

Грузияда оппозиция лидери жаңы партия түздү


Грузиянын Улуттар уюмундагы мурдагы элчиси Ираклий Аласаниянын жаңы партиясы “-Биздин Грузия – Эркин демократтар” деп аталат. Аласаниянын өзү саясий уюм түзгөнүн жарыялап жатып, оппозициянын президент Михаил Саакашвилинин кызматтан чегинүүсү боюнча талабы али күчүндө экенин билдирди. Жаңы партия президент Саакашвилинин кызматтан кетирүү үчүн быйыл апрелден бери нааразылык акцияларын өткөргөн ондогон башка саясий уюмдарга кошулмакчы.

Грузин оппозициясы Саакашвилини 2003-жылкы “Роза ыңкылабынан” бери бийликти монополдоштуруп алганы жана өлкөнү былтыр августа Орусия менен согушка алып барганы үчүн айыптоодо.

XS
SM
MD
LG