Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:10

Кыргыз-тажик чек арасында эч кандай куралчан топ байкалган эмес


Бул тууралуу Баткен облустук мамлекеттик администрациянын басма сөз катчысы Мамажан Бердишев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, CA-NEWS (KG) маалымат агенттиги тараткан “жергиликтүү эл Тамдык жайлоосунан 5 адамдан турган куралчан топту байкаганы, бир кашардан өзбекстандык кара кийимчен үч адам кармалып укук коргоо бөлүмүнө өткөрүлүп берилгени” тууралуу маалымат чындыкка коошпойт. “Баткен чек ара бүлүмү жергиликтүү элдин айтымы боюнча, 2-июлда атайын эки топ менен издөө иштерин жүргүзүп, Асан-Үсөн чокусуна чыгуу үчүн келишкен төрт альпинистти жолуктурушкан. Ал эми облустук ички иштер башкармалыгы Тамдыктагы кашардан өбекстандык үч жаран кармалбаганын, бул маалымат жалган экендигин айтышты”, - дейт Мамажан Бердишев.

CA-NEWS (KG) маалымат агенттиги кыргыз-тажик чек арасына жакын Тамдык жайлоосундагы чабандар куралчан 5 адамды байкагандыгын, 11-июлда Тамдыктагы бир кашарда кара кийимчен өзбекстандык үч адам укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилгендиги тууралуу маалымат тараткан. (AJ)

XS
SM
MD
LG