Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:58

Ирандын бүгүнкү башкы жума намазында оппозиция лидеринин ысымы жаңырды


Тегеран университетинин имараты ичине, өлкөнүн апталык башкы диний жөрөлгөсүн бүгүн мурдагы президент жана таанымал динаятчы Али Ахбар Хашеми Рафсанжани алып барды. Ал өз сөзүндө иран элинин “ири бөлүгүнүн” өткөн айдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына күмөн саноосу бардыгын жана мындай кырдаалды жөнгө салуу үчүн бир нерсе жасалуусу керектигин белгиледи.

Рафсанжани ошондой эле өткөн айдагы шайлоонун расмий жыйынтыгына каршы нааразылык акциялары учурунда камалган ирандыктар өлкөдөгү саясий кризисти чечүү үчүн бошотулуусу керектигине да токтолду.

Рафсанжанинин сөзү залда отургандар оппозициядан президенттикке талапкер болгон Мир Хоссеин Мусавинин атын айтып кыйкыра баштаганда үгүлтүккө учурады. Расмий маалымат боюнча Мусави өткөн айдагы шайлоодо экинчи орун алып, азыркы президент Ахмадинеджадга уттурган. Бирок ал добуштар Ахмадинежаддын пайдасына бурмаланды деп эсептейт. Мусавинин бүгүнкү жума намазга катышуусу анын июндагы демонстрациялар учурунда кыска сүйлөгөндөн бери эл алдына алгач ирээт чыгуусу болду.

Башкы жума намаз өткөн Тегеран университетинин жанына бүгүн оппозициянын миңдеген жактоочулары да чогулган. Кабарларга караганда, аларды таратуу үчүн полиция көздөн жаш агызуучу газ жана желим таяктарды колдонду.

XS
SM
MD
LG