Өзгөчө кырдаал министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, жолдун 231- чакырымында 16-июлда болгон жол кырсыгынан төрт адам каза болуп, денелеринен оор абалда жаракат алган үч киши Токтогул райондук аймактык ооруканасына жеткирилген. Кырсыкка учурагандардын баары аталган райондун Өзгөрүш айылынын тургундары. Кейиштүү окуяга Чычкан капчыгайында аба ырайынын катаалдыгынынан айдоочу «Хонда –Одиссей» унаасын башкара албай, автоунаанын аңтарылып кеткени себеп болгон. Жол коопсуздугун сактоо боюнча облустук бөлүм жол кырсыктарынан жыл башынан бери 90дон ашык киши каза тапканын, бирок өлүм менен коштолгон жол кырсыктары былтыркыдан азайганын билдирди (YA)