Бул тууралуу Франс пресс агенттиги өлкөнүн Тажикстандын ички иштер министрлигинин аты аталбаган өкүлүнө шилтеме берип кабарлады. Ал өкүлдүн айтымында, согушкерлер өлкөнүн чыгышындагы Нурабад районунда, аскерлердин бекетин аткылашкан. Атышуу учурунда өкмөттүк күчтөрдүн беш өкүлү да жаракат алган. Ал эми жок кылынган согушкерлерден Орусиянын паспорттору табылган. Окуя Нурабад районундагы Көк көлгө жакын жерде болгон.