Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:49

Ирандын мурдагы президенти демонстранттарды бошотууга чакырды


Али Акбар Хашеми Рафсанжани Тегеран университетиндеги мечитте жума намазда сүйлөдү. Ал өткөн айдагы президенттик шайлоодон кийин кармалган 100дөгөн киши камакта кала берип жаткандыгын белгилеп, президент Махмуд Ахмединежаддын жеңүүчү деп жарыяланышына күмөн санагандар көп экендигин билдирди. Жума намазга келген он миңдеген киши оппозиция лидери Мир Хоссеин Мусавини колдогон жана «эркиндик» деген ураандарды чакырышты. Консервативдик Кайхан гезитинин баш редактору Хосеин Шариат Мадари бүгүн Рафсанжанинин сөздөрүн «мыйзам бузгандарды колдоо» деп айыптаган макала жарыялады.

XS
SM
MD
LG