Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

Таласта Ата Мекен партиясынын бир мүчөсү партиядан чыкканын жарыялады


Талас шаарынын тургуну Азада Саитова 3 жылдан бери Ата Мекен партиясында мүчө болуп, партиянын ар кандай иштерине активдүү катышып келгенин жана партиянын лидерлерине ар кандай көйгөйлүү маселелер менен кайрылып, бирок ал маселелер сөз боюнча калып ишке ашпай келгенинен улам партиянын катарынан чыкканын билдирди. Азада Саитова ошондой эле партиянын бир нече лидери партиядан чыгып багыттарын өзгөртүү менен элдерди ирээнжитип жатышат деген пикирде.

Ал эми Ата Мекен партиясынын облус боюнча төрайымы Койсун Курманалиева бул көрүнүштү бийлик атайын жасап жатат деп муну чагым катары бааларын “Азаттыка” билдирди.“Азада Саитова “Ата Мекенде” активдүү жактоочу катары жүргөн менен партиянын мүчө эмес болчу”,- дейт Курманалиева. (UA)
XS
SM
MD
LG