Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Жарандык коом эрте добуш берүүгө тынчсызданууда


Президенттик шайлоонун жүрүшүнө байкоо салып жаткан “Менин тандоомдун мезгили” жарандык уюмдар биримдиги БШКга мөөнөтүнөн мурда мыйзамдан тыш добуш бердиртүү токтотулбаса анын жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен сотко кайрылаарын эскертти. Бул тууралуу “Азаттыкка” билдирген “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунованын билдиргенине караганда, 15-июлдан бери райондук шайлоо участкаларында мыйзам бузууларга жол берилип, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери президенттик шайлоого алдын ала добуш берүү күчөдү.

Ал эми БШКдан болсо мындай маалымат түшпөгөндүгүн кабарлашты. Кыргызстандын Шайлоо Кодекси боюнча аскер кызматчылары менен тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана өлкөдөн башка жакка чыгып бараткан жарандар чет өлкөгө кирүүгө алган визасы менен билетин көрсөтүп туруп, мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө укуктуу. (AJ)

XS
SM
MD
LG