Армения жана Азербайжандын президенттери Тоолуу Карабак маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү күзүндө улантат. Армениянын президенти Серж Саркисян менен Азербайжандын лидери Илхам Алиев октябрда жолугушууну макулдашканын армян улуттук сыналгысы маалымдады. 18-июлда Москвада эки лидердин сүйлөшүүсү Орусиянын президенти Дмитрий Медведевдин катышуусу менен өттү. Медведевдин жардамчысы сүйлөшүүлөр абдан конструктивдүү өткөнүн билдирди. Тоолуу Карабак – өзүн Азербайжандан күнкорсуз деп жарыялаган армян калктуу анклав. Өткөн аптада Илхам Алиев Тоолуу Карабак эч качан көз карандысыз болбойт деп билдирген.