Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:53

Оппозициячыл жаштар теске алынууда


Бул тууралуу Кыргызстандын жаштардын жана студенттердин укугун коргоо кеңеши билдирет. Кеңеш лидери Тимур Шайхуддиновдун сөзүнө караганда, шайлоо алдында көз карандысыз жаштар кыймылдары Кыргызстандын атайын кызматтары тарабынан теске алынып жатат. Кеңешке кайрылган активист жаштар УКМК кызматкерлери алар менен “сүйлөшүүлөрдү” өткөрүп, шайлоодон кийин нааразылык акцияларына чыгуу кандай жыйынтыктарга алып келээри тууралуу “түшүндүрмө” берип жатканын айтышкан. Керт башы үчүн коопсузданган жаштар өз аты-жөнүн коомчулукка жарыялагандан тартынышууда. Адам укугу боюнча III Ысык-Көл Форумунда булар тууралуу билдирген Кыргызстандын жаштар кеңешинин лидери Тимур Шайхуддинов Акыйкатчы Турсунбек Акун жана айрым депуттардан куугунтукка алынып жаткан жаш лидерлердин укугун коргоп берүү өтүнүчү менен кайрылды. (EK)

XS
SM
MD
LG