Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:15

“Көөнө сыр” аялдар отрядына кирбеси билдирилди


“Көөнө сыр” деп аталган фонддун демилгелүү тобу бүгүн ушундай мазмундагы билдирүү менен чыгышты. Фонддун мүчөлөрүн "аялдардын өзгөчө тапшырмадагы отряды" деп мазактап атат деп оппозицияны сындады. Алар үгүт өнөктүгү башталгандан бери Алмаз Атамбаевдин жолугушууларында оппозиция лидерлерине суроо бере албай, анын ордуна тоскоолдуктарга кабылып, мушташууга аргасыз болуп атышканын, буга 2005-жылдан бери чечилбей келаткан жер маселеси себеп болуп атканын айтышты. Демилгечилердин бири Алмакан Молдобаеванын билдиргенине караганда 200дөн ашык кожолук 2005-жылдан бери Шербаков-Манас, Васильев-Манас көчөлөрүнүн аралыгында жайгашкан 12,8 га жерге ээ боло албай келатышат. Бул жерди президент Курманбек Бакиевдин жарыясына ылайык демилгелүү топ өзү издеп таап, бош жер экенин далилдеген чечимди Биринчи май райондук бийлиги чыгарып берген.
Жер маселесин чечүү боюнча оппозиция лидерлери депутат кезинде курамына Өмүрбек Текебаев, Болот Шерниязов кирген, Мелис Эшимканов төрагалык кылган парламенттик комиссия түзүлүп, анын тыянагы чыкпай калган. “Биз ошонун жообун алалы” дегенбиз дешти маалымат жыйынын уюштургандар.

Президенттикке талапкер Алмаз Атамбаевди колдогон оппозиция уюштурган Бишкек шаарындагы бир катар жолугушууларда жаңжал чыкканын, бул бийлик уюштурган атайын топтордун чагымы экендигин буга чейин Атамбаевдин штабы кабарлаган. Акыркы жолу оппозициялык талапкердин штабынан үч өкүлгө жаза чектелген. Муну оппозиция бийлик жиберген аялдардын чагымынын тыянагы катары баалаган. (BuS)

XS
SM
MD
LG