Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:29

А. Ташиевдин өлүмү боюнча тергөө тобу түзүлдү


Ош облус прокурору Жолдошбай Сулайманов «Азаттыкка» маалымдашынча, журналист Алмаз Ташиевдин өлүмү терең иликтөөгө муктаж. Ошо себептүү Ноокат районун прокурору Сүйүнбек Сатыбалдиев жетектеген тергөө тобу уюшулуп, ишке киришти. Алдын ала териштирүүгө ылайык, журналист Алмаз Ташиевди 4-июлда токмоктогон Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Шүкүр Нурматов кармалып, убактылуу камалды. Катуу сабалган басма сөз өкүлү ооруканада 12-июлда көз жумган. Мындан тышкары окуяга милициянын башка кызматкерлеринин канчалык деңгээлде тиешеси бардыгы да такталууда.

Анткени менен маркум журналисттин жердештери жана күбөлөр басма сөз өкүлүн жалгыз эмес бир нече милиция токмоктогондугун айтышып, калгандарынын да жазага тартылышын талап кылууда. (ATo)

XS
SM
MD
LG