Ички иштер министрлигинен «Азаттыкка» маалымдашкандай, министр Молдомуса Конгантиевдин буйругуна ылайык Ноокат райондук милициясынын башчысы Жалил Атамбаев, кызматкери Шүкүр Нурматов жумушуна шалаакы мамиле жасагандыгы үчүн ээлеген ордунан бошотулушту. Алдын ала териштирүүдө аныкталгандай, журналист Алмаз Ташиев милиция кызматкерлери тарабынан токмоктолуп, ооруканада 12-июлда көз жумган. Журналисти таяктаган Нурматов кармалып, убактылуу камалды. Мындан тышкары, Башкы прокуратура түзгөн тергөө тобу тарабынан окуяга милициянын башка кызматкерлеринин канчалык деңгээлде тиешеси бардыгы такталууда. (ATo)