Мындай маалыматты Нарын облустук шайлоо комиссиясынын төрайымы Майрам Тиленчиева бүгүн «Азаттыкка» билдирди. Төрайымдын айтымында алдын ала добуш берүүгө ички иштер жана аскер кызматчылары гана катышкан. Добуш бергендер саны Кочкор районунда 14, Ат-Башыда 18 шайлоочу болсо, Ак-Талаа районунда 36 адамды түзгөн. Нарын шаарынын 374 шайлоочусу алдын ала добуш беришкен, алардын 152 - аскер кызматкерлер, 212 – милиция кызматкерлери. Нарын облустук шайлоо комиссиясы билдиргенге караганда облуста 146 806 шайлоочунун саны такталган. (KUs).