Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

Хиллари Клинтон Индияга барды


Вашингтон жана Дели АКШнын Индияга заманбап курал-жабдыктарды сатуусуна жол ачкан келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Индияда үч күндүк иш сапары менен жүргөн АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон билдирди. Алдыдагы беш жылда Дели өз куралданууларын модернизациялоого болжол менен 30 миллард доллар сарптайт деп күтүлүүдө. Маалымат жыйынында Хиллари Клинтон америкалык өзөктүк кубат компанияларына Индияда электр кубатын иштеп чыгаруучу реакторлорду курушуна жол ачуучу келишимге да кол коюлганын билдирди.

XS
SM
MD
LG