Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:02

Ирандын руханий көсөмү оппозицияга эскертүү берди


Ирандын руханий көсөмү аятолла Али Хаменейи оппозицияны өлкөнүн диний жетекчилигин бөлүп жарчу аракеттерден этият болууга үндөдү. 20-июлда жасаган кайрылуусунда Али Хаменейи коопсуздукту бузууну “чоң күнөө” деп, ким коомду башаламандыкка түртсө, “андай адам ким болбосун Иран эли үчүн жек көрүндү бейдаба” экенин айтты. Өз сөзүндө Хаменейи президенттик шайлоодон чыккан тополоңго чет мамлекеттер күнөөлүү деп айтты. Үч күн мурда, Тегерандагы жума намазда мурдакы президент Акбар Хашеми Рафсанжани 12-июндагы президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыгы көпчүлүк жарандардын жетекчиликке болгон ишенимин жоготту деген. Оппозиция тарапкерлери шайлоодон кийин өлкө башчысы Махмуд Ахмадинежадга нааразылыгын билдирип, массалык демонстрацияларды уюштурушкан.

XS
SM
MD
LG