Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:15

Чүйдө эчак жок болгон райондук гезиттер чыгууда


Бул туурасында Сокулук районунан Өндүрүш Токтаназаров бүгүн “Азаттыкка” кабарлады. “Райондогу айыл тургундары мындан 18 жыл мурун акыркы жолу таратылган “Элдик жарчы” гезитин кайрадан колдоруна алышты. Презденттик шайлоонун алдында качанкы унутта калган Сокулук райондук гезити кыргыз, орус тилдеринде жарыкка чыгып, толугу менен талапкер Курманбек Бакиевди мактаган материалдарды басууда”, - дейт Ө. Токтоназаров. Бирок аталган гезиттин редакторунун орун басары Убайдылдахан Хайдуллаева райондук гезит бул аралыкта эч кандай үзгүлтүккө учураган эмес, болгону буга чейин нускасы өтө аз болчу деп түшүндүрдү. (JJ)

XS
SM
MD
LG