Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:39

Мыйзам бузуулар кадам сайын жолугууда


Президенттикке талапкер Токтайым Үмөталиева бүгүн уюштурган маалымат жыйынында ушинтип билдирди. Анын байкоолоруна караганда ар кандай себептерге байланган алдын ала добуш берүүлөр ашкере көп болуп жатат. Натыйжада добуш бергендердин саны мыйзамда көрсөтүлгөн чектен кыйла ашып кетти. Бул өз учурунда токтотулбаса шайлоодон кийин чоң жаңжалдар чыгышы толдук ыктымал. Үмөталиеванын айтымында ошондой эле талапкерлерге добуш берүү бюллетендери кандай чыгарылып, жер-жерлерге кантип жеткирилип аткандыгы тууралуу маалымат берилген жок. Бийликтин талапкеринин кызыкчылыгы үчүн жергиликтүү бийликтер тоскоолдуктарды улантууда деп билдирди бүгүн “АКИпресс” агенттигинде уюштурулган маалымат жыйынында Токтайым Үмөталиева. Атайын жолдомолор аркылуу добуш берүүлөр 9-июлдан бери жүрүүдө. (BuS)

XS
SM
MD
LG