Бүгүн президент Курманбек Бакиев ЕККУнун Демократиялык Институттар жана Адам укуктары бюросунун байкоочулар миссиясынын башчысы Радмила Шекеринска менен жолугушту. Анда Бакиев президенттик шайлоонун ачык-айкындыгын камсыздоочу бардык чаралар көрүлдү деп, шайлоонун тынч маанайда өтөрүнө ишендирди. Бакиев ошондой эле өлкөдөгү кырдаалды дестабилдештирүүгө жол бербейбиз, тартипсиздикти уюштуруу аракеттери мыйзам чегинде токтототулат деп билдирди.
Мындай билдирүүнү Бакиев Шекеринсканын оппозицияга байланышкан суроосуна жооп берип жатып билдирди. Президенттин басма соз кызматы тараткан маалыматка караганда ЕККУ миссиясынын башчысы акыркы кездери оппозициялык талапкер Алмаз Атамбаевдин билдирүүлөрү кескин өзгөрүп, ар кандай аракеттерге чакырык жасалып жаткандыгын белгилеген.
Жолугушууда маалымдалганга караганда, 23-июль күнү ЕККУнун 250 байкоочусу добуш берүүгө көз салат. Шекеринсканын билдиргенине караганда, байкоолордун жыйынтыгы боюнча миссия Кыргызстандагы президенттик шайлоого байланыштуу эки отчет жарыялайт. (BuS)