Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:15

СДП: президенттин басма сөз кызматынын маалыматы жалган


Социал-демократтар партиясы президенттин басма сөз кызматын ЕККУнун Байкоочулар миссиясынын башчысы Радмила Шекеринсканын Алмазбек Атамбаев жөнүндө айткандарын бурмалап жатат деп айыптады. Бүгүн Президент К. Бакиев менен ЕККУнун Байкоочулар миссиясынын төрайымы жолугушкан. Ошол жолугушуу жөнүндө президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта Радмила Шекеринска айым оппозициянын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевдин акыркы кездеги билдирүүлөрү мүнөзү кескин өзгөрүп, анда ар кандай чакырыктарга орун берилип жаткандыгын белгиледи деп жазылган. СДП бул маалыматты төгүндөп, БЭКтин бирдиктүү талапкеринин шайлоо штабынын башчысы Бакыт Бешимов Байкоочулар миссиясынын төрага орун басары Мартин Разумилович менен жолукканын, ал жолугушууда президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсү төгүнгө чыгарылганын билдирди. Буга дейре ТИМдин басма сөз кызматы 11- июлда Радмила Шекеринска менен жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат таратып, анда президенттик шайлоого карата даярдык тууралуу миссиянын алдын ала баяндамасында оң баа берилген деген мазмунда билдирүү таратылган. Бирок жаңылык коомчулукка тараган бир нече сааттан кийин маалыматтын ошол мазмундагы бөлүгүн алып салуу өтүнүчү менен кайрадан ММК өкүлдөрүнө кат жөнөтүлгөн. (EK)

XS
SM
MD
LG