Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:06

Шайлоодо жаштардын активдүүлүгү төмөн


Бул туурасында Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Мухтар Пайзилдаев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтуусунда, жаштар коомдук-саясий уюмдардын жана жашаган жериндеги кварталдык комитеттердин атынан участкалык шайлоо комиссияларынын курамынын теңинен көбүн ээлөөгө мүмкүнчүлүгү бар эле. Бирок аны убагында пайдаланышкан жок жана саясий жактан пассивдүүлүгүн айгинелеп, УШКлардын мүчөлөрүнүн эки пайызын гана жаштар түзүп калышты. Деген менен бийликчил «Ак жол» партиясынын өкүлдөрү шааршайкомдун маалыматын четке кагып, жаштар акыркы кезде катуу активдешкенин белгилеп, дээрлик басымдуулугу Курманбек Бакиевди президенттикке колдоп жатышкандыгын айтышты. (ATo)

XS
SM
MD
LG