Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:12

СДПнын Нарындагы өкүлү коркутууларга кабылды


СДПнын Нарын шаарындагы өкүлү Канайым Бердибаева бүгүн укук коргоо органдарына коопсуздугун коргоп берүү өтүнүчү менен доо арыз жолдоорун “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, шайлоо жакындаган сайын белгисиз адамдар үйүнө келип ар кандай шылтоолорду айтышып, "СДПнын талапкерин колдоодон баш тартпасаң камап коебуз, үй-бүлөңө залалың тиет" деп коркутушкан. “Бул шайлоодон расмий бийлик утулуп калуудан чочулап, карапайым калккка зомбулугун артып, алсыздыгын көрсөтүүдө. Эгерде мен жана менин жакындарым бир нерсе болсо ага бийлик жооп берет”,-дейт Канайым Бердибаева. (AJ)

XS
SM
MD
LG