Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:53

Басма сөз кызматынын маалыматы бурмаланды


Бул тууралуу СДПНын штабынан билдиришти. Маалыматка караганда, ЕККУ/БДИПЧ миссиясынын башчысы Радмила Шекеринска айым президент Курманбек Бакиев менен кечээги жолугушуусунда “президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин сөздөрүнүн төркүнү жана мүнөзү башкача нукка бурулгандыгын, ал айрым учурларда ар кандай иш-аракеттерге чакырууга чейин барып жаткандыгын белгиледи”,-деп айткан эмес. Бул тууралуу ЕККУ/БДИПЧ миссиясынын башчысынын орун басары Мартин Разумилович жана миссиянын саясий аналитиги Вахрам Абажиян СДПнын штабында болгон жолугушууда билдирди.

“Алар президенттин басма сөз кызматынын чындыкка коошпогон маалымтын жокко чыгаруу боюнча кайрыларын белгилешти”,-деп кабарлашты СДПнын штабынан.

Кечээ өлкө башчысы Курманбек Бакиев ЕККУ/БДИПЧ миссиясынын башчысы Радмила Шекеринсканы кабыл алганда “Президенттик шайлоолордун ачык жана айкын өтүшү үчүн зарыл болгон бардык чаралар көрүлдү. Эгер башаламандык уюштурууга аракет жасала турган болсо, аларга мыйзам чегинде бөгөт коюлат, биз өлкөдөгү стабилдүүлүктүн бузулушуна жол бербейбиз”, - деп билдиргени тууралуу анын басма сөз кызматы маалымат тараткан. (AJ)

XS
SM
MD
LG