АКШнын Ооганстан жана Пакистандагы атайын өкүлү Ричард Холбрук Пакистанга барды. Исламабадда Ричард Холбрук пакистан бийлиги менен качкындар тууралуу сүйлөшөрү күтүлүүдө. Сват өрөөнүндө өкмөттүк күчтөр талиптерге каршы аскердик операция баштагандан кийин 100 миңдеген адамдар башка аймактарга баш калкалап качышкан. Эртең Ричард Холбрук Ооганстанга жол тартат.